Кыргызстанга Алтайдан 35 марал алып келинет

Кыргызстанга Алтайдан 35 марал алып келинет.

Бул үчүн Таластагы кен иштеткен компания 2,5 миллион сом бөлдү.

Жаныбарлар Алтай Республикасынан алып келинип, Кыргызстандын жапайы жаратылышына кое берилет.

Бул иш быйыл жарыяланган “Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы жөнүндө” жарлыкты аткарууну көздөйт.