Алты айда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 136 млн сомдон ашык айып салынды

Кыргызстанда алты айда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 136 млн сомдон ашык айып салынды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Ал белгилегендей, мындан тышкары, экологияга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 5 млн 112 миң 101 сом айып салынып, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандардан 596 миң 257 сом өндүрүлдү.