Тайланд Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө шенген визасынын аналогун сунуштады. Падышачылыктын премьер-министри акыркы айда бул тема боюнча сүйлөшүүлөрдү Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мьянма жага Вьетнамдагы кесиптештери менен жүргүздү.
Эгер чечим кабыл алынса, бүт дүйнөдөн келген саякатчылар аталган алты мамлекет ортосунда ээн-эркин жүрө алышат.
Андан тышкары, визанын мөөнөтүн 30 күндөн 90 күнгө чейин узартуу сунушталды. Бул чаралар аймакка туристтердин көп келишин шарттайт деп күтүлүүдө.