Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жүк суу ташкындан жабыркаган казакстандыктарга багытталат. Анда кумшекер, өсүмдүк майы, күрүч, макарон жана дан азыктары, жылуу төшөктөр, чатырлар бар. Гуманитардык жардам менен жүктүн алгачкы колоннасы 6-апрелге жөнөтүлгөн.