Талас шаарында да күндүзгү стационар ишин токтотту

Талас шаарында да күндүзгү стационар ишин токтотту.

Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Айжамал Шамбетова билдиргендей,

бүгүн «Газпром» спорт комплексинде 100 орундуу медициналык мекеме жабылды.

Андагы 30га жакын бейтап шаардык бейтапкананын базасына которулат.

Эртеңден тартып вируска кабылгандар аталган жерде кабыл алына баштайт.

Күндүзгү стационар ачылгандан тартып 5 миңден ашык бейтап медициналык жардам алды.