Коңшу өлкөнүн Батыш-Казакстан облусунда массалык иш-чараларды өткөргөндөр
тууралуу маалымат берген адамга сый акы берилет. Акчанын көлөмү 20 миң теңге же
3 миң 700 сомду түзөт. Ал үчүн билдирүү калтыргысы келген жаран кафе-ресторанда
үлпөт той, юбилей, куран окутуу жана үйдө өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу милицияга байланышып,
той болчу даректи бериши керек. Маалымат тастыкталса гана, кабарлаган киши сыйлыгын алат.
Белгилеп кетсек, Казакстанда дагы массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу киргизилген.