Кыргызстанда мамлекеттик музейлердин фондунан буюмдарды өткөрүп берүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда мамлекеттик музейлердин фондунан буюмдарды өткөрүп берүүгө тыюу салынды.

Тиешелүү буйрукка маданият министри Нуржигит Кадырбеков кол койду. Ага ылайык,

бул коллекциялардын уурдалышын алдын алуу максатында жасалууда. Эске салсак,

Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинин фондуна кирип,

Ак үйдө убактылуу турган 8 сүрөт 6-октябрдагы башаламандыкта жоголуп кетти.

Алар президент жана өкмөттүн иш башкармалыгында 2010-жылдан бери убактылуу сакталып турган.