Таласта жамгырдан улам короолорду суу каптады

Талас шаарында 22-апрелде кечке жуук мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен үйлөрдүн короолорун суу каптады.

Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.

Он турак жайдын короо-сарайларына, үч турак жайдын жертөлөсүнө, үч көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерине суу кирген.

Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектептин айланасын суу каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин ыкчам тобу, Талас шаардык куткаруу кызматынан автоунаа жана төрт куткаруучу тартылып, суу сордурулган.

Материалдык чыгым болбогону кабарланды.

Кыргызгидромет борбору 25-апрелге чейин өлкодө туруксуз аба ырайы болорун эскертүүдө