Кыргыз-казак чек арасынын аймагында логистикалык борбор курулушу мүмкүн

Кыргыз-казак чек арасынын аймагында логистикалык борбор курулушу мүмкүн.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын “Ак-Тилек” жана Казакстандын “Карасу” өткөрмө бекетинде индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарларынын жолугушуусунда талкууланды.

Тагыраагы, Арзыбек Кожошев менен Бахыт Султанов бул долбоорду мындан ары илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишти.

Кошумчаласак, “Ак-Тилек” пунктунда унаалардын тыгыны жөнгө салынганы кабарланды.