Ысык-Көлдө пансионат, конок үйлөрү жана башка туристтик объектилерде көзөмөл күчөтүлөт

Ысык-Көлдө пансионат, конок үйлөрү жана башка туристтик объектилерде көзөмөл күчөтүлөт. Жергиликтүү штабдан билдиришкендей, буга чейин сууга түшүү жана эс алуу боюнча алгоритм түзүлгөн, бирок эс алуу үйлөрүнүн бардыгы аны карманган жок.

 

Эми Саламаттыкты сактоо министрлиги жана санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлери кирген атайын комиссия бардык пансионаттарды текшерип чыгат. Бузуулар аныкталса, алар жабылышы дагы мүмкүн.