Таластагы Киров суу сактагычында Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушу башталды.
Учурда станциянын имаратын жана түтүктөрдү куруу иштери жүрүп жатат.
Объектти жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.
Буга чейин курулуш иштерине дээрлик 2 миллиард сом жумшалары айтылган.
Каражатты Каржы министрлиги бөлөт.
Гидроэлектростанция жылына 90 миллион киловатт-сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгарат деп күтүлүүдө.