ӨКМ Испаниядан учак сатып алууну пландоодо

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Испаниядан учак сатып алууну пландоодо.

Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Бообек Ажыкеев билдирди.

Анын айтымында, лайнер куткаруучуларды жана керектүү жабдыктарды өзгөчө кырдаал болгон аймактарга ыкчам жеткирүү үчүн керек.

Учакты сатып алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан жеңилдетилген насыя алынат деп болжолдонууда.