Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан көз жумгандардын саны 36га жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан көз жумгандардын саны 36га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Соңку маалыматтарга ылайык, Баткендеги чек ара чырынан 129 адам жабыркады.

 

Анын жетөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, калгандары Бишкектин, Баткендин ооруканаларында.