Ош милициясы фермерлерге зарыл болгон айыл-чарба техникасын жеткирип берүүгө даяр

Ош милициясы фермерлерге зарыл болгон айыл-чарба техникасын жеткирип берүүгө даяр. Ноокат, Кара-Суу райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдиргендей, жазгы талаа иштери учурунда айыл-чарба техникасы иштен чыгып калышы толук ыктымал.

 

Мындай учурларда алыскы райондорго комендатура зарыл тетиктерди жеткирип бере алат. Бул үчүн арыз менен комендатурага кайрылуу керек.