Бишкек мэриясы эки ирет эреже бузган ресторан ээлерине кылмыш иши козголо турганын эскертет.
Андан тышкары, иш-чараларды уюштурууда жаңы, кызыктуу жана санитардык форматтарды ойлоп табуу сунушталат.
Буга чейин Республикалык штабдан той-аш өткөргөндөргө айыптын көлөмү көбөйтүлөрүн билдиришкен.
Учурда өлкө боюнча кафе-ресторандарда 50дөн ашык адамды чогултууга уруксат берилбейт.
Эреже бузган жеке адамдар 3 миң, юридикалык жактар 13 миң сомдук айыпка тартылат.