Теннис боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкек шаарында 21-октябрда теннис боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өттү.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионатка 14 жаштан жогору спорчулар катышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери атайын медаль, дипломдор менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Жекелик оюндар (кыз-келиндер):

1 орун — Сафина Хабибрахманова,

2 орун — Аида Пасонова,

3 орун — Сезим Сагынбаева.

Жекелик оюндар (эркектер):

1 орун — Кирилл Кистанов,

2 орун — Илгиз Камчибеков,

3 орун — Максим Серко.

Жуптук оюндар (кыз-келиндер):

1 орун — Аида Пасонова / Сагынбаева Сезим

2 орун — Сафина Хабибрахманова / Нелли Буюклянова.

Жуптук оюндар (эркектер):

1 орун — Максим Серко / Арсен Табалдиев

2 орун — Кирилл Кистанов / Малик Камалов.

Белгилеп кетсек, аталган мелдеш Кыргызстандын теннис федерациясы, эл аралык теннис федерациясы жана Дене тарбия жана спорт департаментинине караштуу «Жаштык» спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын тарабынан өткөрүлдү.