Кыргызстандык спортчулар дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия жана Океания чемпионатында 8 медаль багындырды

Кыргызстандык спортчулар дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия жана Океания чемпионатында 8 медаль багындырды.

 

Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн улуттук федерациясынан билдиришти. Биздин кадеттер 3 байгелүү орунга ээ болушту: Анарбек Ишенбаев алтын медаль алып келсе, Ханболот Ырысбеков жана Шахида Нармухамедова күмүш медалдарды жеңди, Муса Шабданбеков өлкө куржунун коло байге менен толуктады.