Кыргыз күрөштүн балбандары көчмөндөр оюнуна жолдомо алуу үчүн мелдешет

Кыргыз күрөштүн балбандары көчмөндөр оюнуна жолдомо алуу үчүн мелдешет.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, Бишкекте 1-2-мартта

спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт.

Анда республиканын балбандары жети салмак категорияда күч сынашат.

Эске салсак, Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына

кыргыз улуттук спортунун жети түрү киргизилди.