Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын 1996-жылы туулган жаштары жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү үй тургузуп беришти.
Жалгыз бой эненин эки уулу болсо, анын биринин майыптыгы бар.
Муфтияттан билдиришкендей, мындай демилгени Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Темирлан ажы Токоев көтөрүп, элди кайрымдуулукка үндөп, жаштарды уюштурган.
Үйдүн курулушуна жалпысынан 935 миң сом сарпталган.
Ошондой эле курулушка айыл эли да өз салымын кошуп, жаштарга жардам берген.