ТИМ кыргызстандыктарды Пакистанга барбай турууга чакырды

Police (foreground) use tear gas to disperse Pakistan Tehreek-e-Insaf party activists and supporters of former Pakistan’s Prime Minister Imran Khan during a protest against the arrest of their leader, in Lahore on May 10, 2023. (Photo by Arif ALI / AFP)

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарды ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу Пакистанга барбай турууга чакырды. Ал эми ал өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктарды кырдаал турукташканча коопсуздук чараларын көрүүгө үндөдү.

ТИМдин билдирүүсүндө, Пакистандагы окуялардан жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат азырынча жок.

Кандайдыр бир зарылчылык болгон учурда жарандар Кыргызстандын Пакистандагы элчилигине +(92 51) 2250010, +(92) 330 3717771 номуру аркылуу кайрыла алышат.

10-майда Пакистанда сот мурдагы өкмөт башчы Имран Ханга 2018-2022 жылдары өкмөттү башкарып турган маалда мамлекеттик белектерди мыйзамсыз сатып жиберген деген айып такты.

Аны 9-майда антикоррупциялык агенттиктин өкүлдөрү кармап кетишкен. Хан коррупция тууралуу буга чейинки дооматтарды да четке кагып келген.

Пенжаб провинциясында Хандын камоого каршы чыккан миңдей киши кармалды. Алар башаламандык уюштуруп, ондогон машинелер менен имараттарды өрттөп жиберишкен. Полиция менен Хандын тарапташтарынын кагылышуулары Карачи, Лахор жана Кветта провинцияларында да катталды. Мындан улам үч аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Акциялардан кийин мобилдик байланыш дээрлик бардык аймагында бир канча убакытка өчүрүлдү.

Андан тышкары Facebook, Twitter жана YouTube социалдык түйүндөрүнө да чектөө киргизилди.