“Титаник” тасмасындагы белгилүү эшик аукциондон сатылды. Реквизит үчүн сатып алуучу 700 миң доллар төлөдү. Лоттун баштапкы баасы болгону 40 миң долларды түзгөн болчу.
Белгилеп кетсек, бул эшик ар кандай талаш-тартыштарды жараткан популярдуу эшик. Көрүүчүлөрдүн басымдуусу тасмадагы Роза жылса, Джек дагы батып, аман калмак деп эсептейт. Эшиктин узундугу 2,5 метр, ал эми кеңдиги 1 метрди түзөт. Андыктан, эки адам батмак деген версиялар айтылууда.