Кыргызстанда электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен 75 миң аз камсыздалган үй-бүлө колдонот

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен 75 миң аз камсыздалган үй-бүлө колдонот. 1-мартка карата маалымат менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бөлүштү.

 

Ведомстводон белгилешкендей, айрым үй-бүлөлөр ижарага алынган батирде, дачаларда же өндүрүш мекемелеринде жашап келгендиктен, льготалык тариф менен колдонбойт. Министрлик даректик социалдык колдоо көрсөтүүнү кеңейтүү максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

 

Эске салсак, учурда аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн льготалык тариф бир киловатт-саатына 50 тыйынды түзөт.