Испаниянын Витория-Гастейс шаарында ушактарга каршы күрөшүү боюнча агенттик түзүлөт

Испаниянын Витория-Гастейс шаарында ушактарга каршы күрөшүү боюнча агенттик түзүлөт. Анда адистер катары катардагы жарандар иштейт. Бийлик жаңы кызматтын жардамы менен чет өлкөлүктөр жана мигранттар тууралуу тараган жалган маалыматтар менен күрөшүү ниетинде. Тандалып алынган жарандар бул ушактарды төгүндөйт.

 

Аларга диалог түзүү, баарлашуу боюнча атайын сабактар уюштурулат.