Тоң районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат.
Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери толугу менен аталган фонддон каржыланууда.
«Имараттын курулушунун жалпы тендерлик баасы 43 млн сомду түзөт.
Курулуш 2020-жылы башталган, учурда экинчи кабатынын пайдубалы көтөрүлүп калды.
Бала бакча бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен фонддун техникалык адистеринин тыкыр көзөмөлүндө салынууда.
Балдар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлмөкчү.
Буга чейин Ак-Өлөңдө балдар бакчасы болбогондуктан жаңы имараттын курулушу менен бул көйгөй чечилет», — деп айтылат маалыматта.