Бийлик накталай эмес төлөмдөргө өтүү процессин тездетүүнү тапшырды

Бийлик накталай эмес төлөмдөргө өтүү процессин тездетүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, тиешелүү жабдуулар ири соода түйүндөрүндө гана эмес, кафелерде, медициналык клиникаларда жана мамлекеттик мекемелерде да болушу керек.

Банктарга аппараттарды орнотуу боюнча иштерди уюштуруу сунушталып, Санариптик өнүктүрүү министрлигине жогорку сапаттагы интернет байланышы менен өлкөнүн аймактарын да камсыз кылуу тапшырылды.

Касымалиев накталай эмес төлөмдөрдүн өсүшү бюджеттин кирешесин көбөйтүп, каржы агымынын ачыктыгын камсыз кылат деген ишенимде.