Токиодогу эл аралык аэропортто кызыктуу учур катталды.
Бул жерде ташбаканын айынан кыймыл токтотулду.
Жаныбарды учуп-конуу тилкесинен учкуч байкап калган.
Ал бул тууралуу диспетчерлерге кабарлаган. Ташбаканы
куткаруу иштери 15 мүнөткө созулду. Мындан улам,
5 каттамдын учуу убактысы жылдырылды. Аба майдандын
администрациясы ташбаканын учуу тилкесине кайдан
келип калганын билбейт, болжолдоолор боюнча ал
жакын жайгашкан суудан чыгып келиши ыктымал.