Кытайда бала бакчанын кароолчусу 3-кабаттан кулаган баланы тосуп калды

Кытайда бала бакчанын кароолчусу 3-кабаттан кулаган баланы тосуп калды.

Daily Mail басылмасы билдиргендей, окуя болгон учурда тартылган видеого караганда,

бала дааратканага капысынан камалып калып, сыртка терезеден чыгып кетем деп ойлогон.

Ошол маалда жерде турган кароолчу бөбөк кулаган кезде тосуп калды.

Учурда бала ооруканада. Абалы канааттандыраарлык.