Сингапурда коомдук тартипти көзөмөлдөгөн робот пайда болду.
Хавьер аттуу киборгго түнкүсүн дагы көрө ала турган камералар
орнотулган, эми ал күнү-түнү шаардын бир районунда кайгуул жүргүзөт.
Негизинен ал туура эмес жерде тамеки чегүү, мыйзамсыз алып-сатуу,
ошондой эле жөө өтмөктөрдөн мотоциклдердин жана электроскутерлердин
жүрүшүн карайт. Робот мыйзам бузгандарды өз алдынча кармабайт,
болгону ал камеранын жардамы менен маалыматтарды
полицияга түз жетикирип турат.