Кытай бийлиги телеканалдарда назик эркектерди көрсөтүүгө тыюу салды

Кытай бийлиги телеканалдарда кийими, чач жасалгасы, макияжы кыздардыкына окшош,

назик образдагы эркектерди көрсөтүүгө тыюу салды. Чектөөлөрдүн киргизилиши андай

стилдеги мырдалардын көрсөтүлүшү  кытай жаштарын кайраттуу болууга үндөбөйт жана

“чыныгы эркектик” сапатка жатпайт деген себепке байланыштуу. Андан тышкары

Кытай өкмөтү телеберүүлөргө атактууларды, алардын жеке жашоосун жарнамалоого

чекит койду. Анын ордуна Кытайдын салттуу маданиятын чагылдырган берүүлөр колдоого алынат.