Токмок шаарындагы оорукана пайдаланууга берилди

Токмок шаарындагы оорукана пайдаланууга берилди.

Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, долбоордук кубаттуулугу 216 орунга чакталат.

Имараттын эски чатыры, электр тутумдары алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлдү.

Жаңы эшик, терезелер орнотулуп, желдетүү жана жылытуу системалары, өрт өчүрүүчү сигнализациясы калыбына келтирилди.

Медициналык мекеме керектүү жабдуулар менен толук камсыздалды.

Курулуш иштерине жалпысынан 45 миллион 700 миң сом сарпталды.