Кыргызстанда бир суткада 71 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 2, Чүйдө 56, Жалал-Абадда 5, Баткенде 4, Нарында 1 учур катталды.
Анын 55и Оренбург облусунан келген кыргызстандыктар. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 миң 2ге жетти.