Кыргызстанда дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 6, Чүй, Баткен облустарында, Ош, Нарында экиден учур катталды.

 

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктурган адамдардын жалпы саны 1 миң 16га жетти.