Элдик кошуун ордо калаадагы коопсуздукту өлкөдө абал турукташканга чейин көзөмөлдөйт.
Бул тууралуу бирикменин төрагасынын орун басары Тариэл Искаков билдирет.
Анын айтымында, коомдук коопсуздукту сактоого жардам көрсөтүү максатында кошулган жарандарды
н саны көбөйүп, учурда бирикмеде 10 миңден ашык адам бар. Орун басар белгилегендей,
башаламандык катталган түндөрдө милиция кызматкерлери жарандык
кийимде ыктыярчылар менен биргеликте тартипти көзөмөлдөдү.