Токмокто социалдык шаарчанын курулушу башталды

Токмокто социалдык шаарчанын курулушу башталды. Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, кийин 100дөй аз камсыздалган үй-бүлө бул жерден турак-жай ала алат.

 

Артыкчылык жалгыз бой энелерге, эки же андан көп баласы бар жесир аялдарга берилет. Жалпысынан, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 25 үй курулат. Анын ар бирине төрттөн үй-бүлөнү жайгаштырса болот. Андан тышкары, социалдык шаарчада дүкөндөр, балдар аянтчалары жана тигүү цехи дагы курулат.