Баткенге өзгөчө макам берүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды

Баткенге өзгөчө макам берүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, Баткенде чек арага жакын аймактарда иштеген ишканалар жер, мүлк, пайдага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат.

 

Ошондой эле, беш жылдан 10 жылга чейин киреше салыгына жеңилдик берүү каралган.

 

Андан тышкары инвестициялык жана мамлекеттик сатып алуу боюнча өзгөчө режим киргизилет.