Бишкекте коронавирустун жайылышына байланыштуу кооптуу абал сакталууда

Бишкекте коронавирустун жайылышына байланыштуу кооптуу абал сакталууда.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей,

санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактоо азыр деле маанилүү.

Жарандар коомдук жайларда гигиеналык талаптарды так сакташы керек.

Белгилеп кетсек, ордо калаада 20-августтан тартып бир катар чектөөлөр алынды.

Бирок бул вирустун жайылышы токтоду дегенди билдирбейт. Андыктан шаардыктар жана

калаа тургундары саламаттыгына көңүл кош мамиле кылбашы керек.