Декабрдын башында көмүр арзандады

Декабрдын башында көмүр арзандады.

Ушул айдын биринчи жумасында көмүргө болгон орточо баа

өткөн айга салыштырмалуу бир тонна үчүн 81 сомго же 1,7 пайызга төмөндөдү.

Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланды.

Өтүп бара жаткан аптада көмүргө болгон эң жогорку баалар

Кара-Сууда тоннасы 8 миң 124 сом жана Ноокатта 7 миң 587 сомго чейин жетти.

Ал эми эң арзандары Балыкчыда, тоннасы 3 миң 694 сом жана

Нарындын Чаек айылында 2 миң 500 сом болгону катталды.