Бишкек жылуулук электр борборуна кышкы сезонго карата көмүрдүн алгачкы бөлүгү алып келинди. «Электр станциялары» ишканасынын маалыматына караганда, 25 вагон көмүр Казакстандын Кара-Жыра кенинен алынган.
Жалпысынан келишим боюнча Бишкек ЖЭБине Кара-Жырадан 643 миң тонна көмүр алып келинет.
Бишкек ЖЭБи жылына 1 миллиондон ашык көмүр керектейт жана анын жарымынан ашыгын 680 миң тоннасын Кара-Кече камсыздайт.