Бишкектин четинде “Озерная” подстанциясынын жана “Главная – Кызыл-Аскер” электр өткөрүү линияларынын курулушу башталды

Бишкектин четинде “Озерная” подстанциясынын жана “Главная – Кызыл-Аскер” электр өткөрүү линияларынын курулушу башталды.

 

“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, объектилерди ишке киргизүү менен башка подстанциялардын иши жеңилдетилип, Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек жана Мурас-Ордо конуштарында жарык берүүнүн сапаты жакшырат.

 

Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, подстанциянын курулушу совет мезгилинде эле башталган, бирок каражаттын тартыштыгынан иштер токтоп калган.