Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушу берилди

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушу берилди. Улуттук энерго тармактар ишканасынан билдиришкендей, 6-январда катуу сууктан улам,  74 миллион киловатт-саат электр энергиясы колдонулду.

 

Бул өлкөнүн энерго тарыхындагы эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет. Ашыра жүктөлгөндүк бүт аймактарда катталды. Андыктан, аварияларды алдын алуу максатында линияларга күч келтирбей, үйлөрдү жылытуунун башка жолун тандоо сунушталат.