Кыргызстандагы социалдык жактан аялуу катмарга кирген үй-бүлөлөр үчүн күн батареяларын орнотуу пландалууда.
Өкмөттөн маалым болгондой, долбоорду Министрлер кабинети Дүйнөлүк банк менен талкуулап жатат.
Эске салсак, жаңы жылдан тарта бийлик аз камсыз болгон 110 миңден ашуун үй-бүлө үчүн электр энергиясынын тарифин 1 кВт саатына 50 тыйынга төмөндөткөн.