13-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 927 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
«Бүгүн, 13-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 927 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 486 метр куб, агып чыгышы 434 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти мекемеден.