Виржил Ван Дейк «Ливерпуль» клубу менен жаңы келишим түздү

«Ливерпуль» футболдук клубу коргоочу Виржил ван Дейк менен жаңы келишимге кол койгонун жарыялады. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун расмий сайтына жарыяланды.

 

Маалыматка ылайык, жаңы келишимдин мөөнөтү 2025-жылга чейин созулат.

 

Ван Дейк 2018-жылдын январь айында «Саутгемптон» клубунан «Ливерпулга» өткөн. Ошондон бери ал команда менен 130 оюн өткөрүп, 14 гол киргизген. Жаракатынан улам өткөн сезондо дээрлик толугу менен оюн талаасына чыга алган жок.