Токтогул суу сактагычында суунун агып кириши менен керектөө теңелди

Токтогул суу сактагычында суунун агып кириши менен керектөө теңелди.

 

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти. Учурга карата суунун агып келиши дагы, керектөөсү дагы секундасына 331 кубометрге барабар болууда.

 

Ал эми башкы резервуардагы нымдуулуктун жалпы көлөмү 7 миллиард 276 миллион куб метрди түзөт. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.