Бишкекте трансформаторлор жаңыртылууда. Ордо калаа электр тармактарынан билдиришкендей, буга чейин Төмөнкү Ала-Арча айылында жабдуулар ашлмаштырылды.
Улуттук электр тармактары компаниясы өлкө аймагындагы бардык бөлүмдөрү үчүн жаңы трансформаторлорду сатып алды. Бишкекке 28 даана жабдуу бөлүндү. Иштер күзгү-кышкы сезонго даярдык катары жүргүзүлүүдө. Бул керектөөчулөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого дагы шарт түзөт.