Жылуулук борборлору, отканалар жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалдары, Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүү боюнча жарлык чыгарды. Бул тууралуу ал 3-апрелде «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасын реформалоого боюнча кеңешмеде айтты.

 

Президент көпчүлүк отканалардын эскилиги жетип, чоң жоготуулар болуп жатканын, бул тармакта адистердин жетишсиз экенин белгиледи. Ошондой эле жылуулук менен камсыздоо обьектилерин алдыдагы үч жылда республикалык бюджеттен субсидия катары каржыланары айтылды.

“Үч жылдан кийин субсидия деген маселени унутушуңар керек, ар бир шаар өз жаныңарды өзүңөр багышыңар керек. Бишкек, Ош эле эмес, бардык шаарларга тиешелүү. Республикалык бюджеттин акчасы өнүгүүгө жумшалышы керек. Завод-фабрикаларды салып, заманбап технологияларга чейин өтүшүбүз керек. Улам алдыга жылышыбыз керек. Биз субсидиялоо деп жылуулук системасын, бир эле министрликтерди жана башка жактарды камсыз кылып жүрө беребизби”, — деди Жапаров.

 

Ал учурда “Кыргызкөмүр” ишканасы бардык аймактарга көмүр жеткирип бере аларын белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көмүрдү эртерээк камдап алууну тапшырды.

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев отканаларда иштеген жумушчулардын саны кыскарбай турганын, көзөмөлдөө үчүн мэриянын кызматкерлери гана кошула турганын белгилеп, министрлик көзөмөл жүргүзүп турарын билдирди.

 

“Кыргызжылуулукэнерго” ишканасында 7 облуста жалпы 17 филиалы бар. Алардагы 160 отканада (котельный) 490 отказан (котел) иштейт.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Жылуулук жана ысык суу берүү бир нече күндөн кийин кайра толук калыбына келтирилген.