Бишкектин буга чейинки мэри Айбек Жунушалиев жаңы кызматка дайындалды

Бишкектин буга чейинки мэри Айбек Жунушалиев жаңы кызматка дайындалды. Эми ал президенттин жана министрлер кабинетинин тапшырмаларын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгын жетектейт.

 

Буга чейин бул кызматты Кубатбек Кожоналиев ээлеп келген. Президенттин дагы бир жарлыгы менен ордо калаа мэри болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды.