Түмөнбай Колдошов маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова кызматтан алынып, анын ордуна Түмөнбай Колдошов дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Ырчы Түмөнбай Колдошов Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин жетекчиси болчу. Жакында эле мекемеге каржылык маселе боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов 12-сентябрда өткөн кеңешмеде аталган министрликти “иш ыкмалары эскирген жана учурдун талабына, маданияттын заманбап тенденцияларына жооп берген жаңы демилгелер, идеялар жок” деп сындады. Жыйында Колдошов эмгек жамаатка тааныштырылды.

Мындан тышкары Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев да ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким дайындалганы кабарлана элек.