Жогорку Кеңеш Саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды.
Парламенттин отурумунда Баатырова депутаттардын суроолоруна жооп берип, саламаттыкты сактоо системасында олуттуу реформаларды жасоого убада берди.
Эске салсак, 23-августтан тарта Гүлнара Баатырова ведомство жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген.