Кыргызстанда төрт министр кызматтан алынып, ордуна башкалары дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун 3-октябрдагы жарлыгы менен Таалайбек Ибраев энергетика министринин, Тилек Текебаев унаа жана жолдор министринин, Уланбек Мамбетакунов билим берүү министринин, Алтынбек Максүтов маданият министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эми алардын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталат.

Эске салсак, президенттин ушул эле күнкү жарлыгына ылайык, буга чейин жогорудагы кызматты ээлеген аткаминерлер ар кандай себептер менен иштен алынган.